Чавушоглу Стамбулда жер титирөөдөн жабыркагандардын ал-абалын сурады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Стамбулдагы профессор доктор Жемил Ташчыоглу оорукана шаарчасында дарыланган жер титирөөдөн жабыркагандарга барды.

1951571
Чавушоглу Стамбулда жер титирөөдөн жабыркагандардын ал-абалын сурады
cavusoglu depremzedeler ziyaret1.jpg
cavusoglu depremzedeler ziyaret.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Стамбулдагы профессор доктор Жемил Ташчыоглу оорукана шаарчасында дарыланган жер титирөөдөн жабыркагандарга барып ал-абалын сурады.

Чавушоглу 6-февралда очогу Кахраманмарашта болгон жана 11 облуска таасирин тийгизген жер титирөөдө жабыркагандар менен баарлашып, дарыгерлерден алардын дарылануусу тууралуу маалымат алды.

Ошондой эле министр Чавушоглу Стамбулдагы Махмут Желалеттин Өктен студенттик жатаканасында жер титирөөдөн аман калгандар менен да жолукту.

Чавушоглу, жатаканада жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларга байланыштуу жетекчилерден маалымат алды.



Тектеш кабарлар