Пианист жана музыкант Ричард Клейдерман түрк калкына көңүл айтты
Бул боюнча берилген маалыматка караганда чебер музыкант жарыялаган видео кайрылуусунда жер титирөөдөн жабыркаган элге кайгырганын айтты.
Пианист жана музыкант Ричард Клейдерман 6 - февралда Кахраманмарашта «кылым апааты» деп мүнөздөлгөн жер титирөөлөрдөн кийин түрк элине көңүл айтып, жакшы тилектерин билдирди.
Бул боюнча берилген маалыматка караганда чебер музыкант жарыялаган видео кайрылуусунда жер титирөөдөн жабыркаган элге кайгырганын айтты.
Чыгармачылыгы боюнча 80 миллиондон ашык альбом саткан, 70 платина, 270 алтын альбом жаздырган жана 2 миңден ашык концерт койгон чебер өнөрпоз 5 - марттагы концертин жылдырып, 28 - апрелде сахнага чыгат.
Лондон Королдук Филармониясынын оркестри, Токио симфониялык оркестри, Пекин симфониялык оркестри жана Шанхай филармониясынын оркестри сыяктуу престиждүү оркестрлер менен иштеген Клейдерман 1980 - 1990 - жылдары көптөгөн баланын пианинодо ойноосуна шык берген.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.