Түрк аскери Кытайда жаңылык болду
Кабарда Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсү камтылды.
![Түрк аскери Кытайда жаңылык болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4f4d/8f50/d69a/63f4cbb17e925.jpg?time=1718877319)
Улуттук коргоо министрлиги тарабынан жарыяланган, жер титирөө аймагында бир аскердин бут кийими жок жаранга өтүгүн берген видео Кытайдагы интернет платформаларында көп жолу бөлүшүлдү.
Жүз миллиондогон колдонуучусу бар Baidu жана Weixin платформаларында бөлүшүлгөн кабарда окуянын «табигый кырсыктан кийин эң таасирдүү көрүнүштөрдүн бири экени» белгиленди.
Министрлик бөлүшкөн видеодон алынган скриншот колдонулган кабарда: «Түрк жоокери, бут кийими жок тирүү калган кишиге жолукту. Эки тарабы кар баскан жолдо, жер титирөөдөн аман калган жарандын байпак менен жүргөнүн көргөн жоокер өзүнүн өтүгүн чечип берди»,-деп жазылды.
Кабарда Улуттук Коргоо министрлигинин: «Түрк аскери, эли жана өлкөсү үчүн эч ойлонбостон жанын берүүгө ант берди. Ошондуктан жолдо бараткан жараныбыздын бутунда бут кийими жок экенин көргөндө ал өзүнүн өтүгүн берүүдөн тартынбайт»,-деген билдирүүсү камтылды.