Чавушоглу Кырымоглу менен жолугушту

Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн болчу.

1949445
Чавушоглу Кырымоглу менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдөн кийин Анкарага келген Крым татар түрктөрүнүн лидери Мустафа Кырымоглу менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Крым татар түрктөрүнүн лидери жана Украина эл өкүлү менен жолугушкандарын айтты.

Министр Чавушоглу: «Жер титирөөдөн кийин Анкарага келген Крым татар түрктөрүнүн лидери жана Украина эл өкүлү Мустафа Кырымоглуна, ошондой эле бардык Крым татар түрктөрүнө ушул оор күндөрдө биз менен болгондугу үчүн ыраазычылык билдирдик»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен да, кечээ Хатайдын Дефне районунда болгон 6,4 баллдык жер титирөөдөн кийин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн.

Сүйлөшүүдө Түркиядагы жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу жана турак жай куруу пландары талкууланган.



Тектеш кабарлар