Блинкенден Түркияга колдоо билдирүүсү

Аданадагы Инжирлик 10-танкер базасы командирлигине барган Блинкен, 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн кийин түрк эли менен бирге экендиктерин айтты.

1948531
Блинкенден Түркияга колдоо билдирүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн жапа чеккен аймактарда иликтөө жүргүзүү үчүн барган Инжирлик аба базасында Түркияга колдоо көрсөтүүгө чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Аданадагы Инжирлик 10-танкер базасы командирлигине барган АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен, 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин түрк эли менен бирге экендиктерин айтты.

АКШнын жана берки өлкөлөрдүн жер титирөөлөрдөн кийин дароо жардам иштерине киришкенин белгилеген Блинкен: «Бир күндүн ичинде бул жерде 200гө жакын адамдан, иттерден жана башка адистерден турган издөө-куткаруу топторун түздүк. Жер титирөөдөн кийинки күндөрдө баш калкалоочу жай, суу, тамак-аш, дары-дармек жана кийим-кече үчүн болжол менен 85 миллион долларлык жардам которулду. Бүгүн болсо муктаж болгондорго жардам берүү үчүн дагы 100 миллион доллар которула турганын билдиргим келет. Биз муну Качкындар жана Миграция Фонду менен Мамлекеттик департамент жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигине (USAID) таандык гуманитардык фонддон алдык жана бул жакында ишке кирет»,-деди.

Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жер титирөөгө карата иш-аракеттерге абдан тез жана таасирдүү түрдө жооп бергенин айткан Блинкен: «Биз Түркияга колдоо көрсөтүүгө чечкиндүүбүз. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү да ушундай кылууда. Муну ишке ашыруу үчүн зор тилектештик жана чечкиндүүлүк бар»,-деп билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Түркиядагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн 1 миллиард долларлык гуманитардык жардам чакырыгын салганын эске салган Блинкен: «Учурда АКШ 185 миллион долларлык жардам көрсөттү, бирок башка нерсе бар болсо, биз эмне кыла аларыбызды көрөбүз. Берки өлкөлөр аракет кылып жатышат, бирок бул чакырыкты каржылоо өтө шашылыш жана биз камсыз кыла турган кошумча ресурстарды карап туруп башкаларды буга үндөйбүз»,-деп айтты.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын кылууга чечкиндүү экендиктерин белгилеген Блинкен: «Түрк элинин АКШнын колдоо көрсөткөнүн жана кесепеттерди жоюу канча убакытка созулса да колдоонун улана турганын билишин каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар