Блинкен Аныткабирге зыярат кылды

Блинкен делегациясы менен бирге Аныткабирге гүлчамбар койду.

1948887
Блинкен Аныткабирге зыярат кылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен борбор шаары Анкарада Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзү Аныткабирге зыярат кылды.

Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдөн кийин Түркияга сапарынын алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушкан Блинкен делегациясы менен бирге Аныткабирге гүлчамбар коюп, бир мүнөт унчукпай турду.

Блинкен андан соң Аныткабирдин атайын китебине төмөнкүлөрдү жазды:

«Түрк элине жана Улуу жолбашчы Мустафа Кемал Ататүрккө таазим кылуу мен үчүн сыймык. Чоң апаат болгон ушул мезгилде стратегиялык өнөктөшүбүз жана НАТО союздашыбыз Түркияга колдоо көрсөтүп, бүгүн бул жерде Америка элин өкүлдүк кылуудамын. Элдерибиздин ортосундагы байланыш, айрыкча азыркы кайгылуу оор күндөрдө терең жана бекем бойдон калууда».



Тектеш кабарлар