АКШ, Түркия НАТО боюнча шериктеш өлкө

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинен маалымат формасы бөлүшүлдү.

1948401
АКШ, Түркия НАТО боюнча шериктеш өлкө

Түркиянын НАТО шериктештигине жана АКШ-Түркия стратегиялык механизмине басым жасаган Америка Кошмо Штаттары (АКШ), 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга жардамдын улана турганын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинен бөлүшүлгөн маалымат формасында: «Түркия менен Америка Кошмо Штаттары Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТО) шериктештери жана эзелки өнөктөштөрү. Бизде кризис учурунда жана аймактык коопсуздук жана гүлдөп-өнүгүүдө биргелешип иштөөнүн сыймыктанган тарыхы бар»,-деп айтылып, 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардамдын улана турганы баса белгиленди.

АКШ-Түркия карым-катнаштарынын «тамырлуу достукка» негизделгенине көңүл бурулган маалыматтандырууда, эки мамлекеттин дипломатиялык тарыхы Осмон империясы мезгилиндеги 1831-жылга таянганы жана республикадан кийинки 1947-жылдын 12-июлунда кол коюлган «Экономикалык жана техникалык кызматташтык» келишими менен карым-катнаштардын мындан ары да өнүккөндүгү баса белгиленди.

Маалыматтандырууда 1952-жылдан бери НАТОнун мүчөсү болгон Түркиянын Ооганстан, Ирак жана Балкан өлкөлөрү менен бирге дүйнөнүн бардык жериндеги миссияларын колдогону тууралуу маалымат да орун алды.

АКШ-Түркия стратегиялык механизми

Мамлекеттик департаменттин маалымат формасында бир канча убакыттан бери ишке ашырылып келе жаткан АКШ-Түркия стратегиялык механизми тууралуу да сөз кылынып, анын алкагында 18-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен түрк кесиптеши Мевлүт Чавушоглунун 4-жолу жолугушканы жана Түркиянын Аскердик аба күчтөрүн модернизациялоо маселеси менен катар АКШ-Түркия коргонуу өнөктөштүгүн чыңдоо да талкууланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар