Кахраманраш жер титирөөсүндө каза болгондордун саны 40 миң 642ге жетти

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа да Хатайдагы АФАД координация борборунда жер титирөө аймагында аткарылган медициналык иштер тууралуу маалымат берди.

1948147
Кахраманраш жер титирөөсүндө каза болгондордун саны 40 миң 642ге жетти

6 -  февралда Кахраманмарашта болгон жана 11 облусту таасири астына алган, 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 40 миң 642ге жогорулады. 

Апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы АФАДдын төрагасы Юнус Сезер берген билдирүүсүндө : "40 миң 642 жараныбыз каза болду. Издөө - куткаруу иштери эртең кечке чейин чоң өлчөмдө токтотулат. Жалпы Хатайда  13 миңге жакын куткаруучу персоналыбыз иштеп жатат",- деди.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа да Хатайдагы АФАД координация борборунда жер титирөө аймагында аткарылган медициналык иштер тууралуу маалымат берди. 

Кожа жер титирөөдөн улам ооруканадан жаткан бейтап саны 6 миң 108, башка облустарда жаткан бейтап санынын 21 миң 859 экенигин, 13 миң  612 бейтаптын да ооруканадан чыкканын айтты. 

Бир тараптан Улуттук коргоо министри Хулуси акар коштоосундагы башкы  штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер жана кургактык күчтөрүнүн командири Муса Авсевер менен Антакиянын борборундагы  Түрк куралдуу күчтөрүнүн  байланыш кеңсесине барып,  нөөмөт,  издөө - куткаруу  тууралуу маалымат алды. 



Тектеш кабарлар