ТРТ жана 8 каналдын «Түркия бир жүрөк» жардам кампаниясы уюштурулду

Кампаниянын алкагында чогулган 115,1 миллиард түрк лирасы Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгына (AFAD) жана Түрк Кызылайыга берилет.

1947014
ТРТ жана 8 каналдын «Түркия бир жүрөк» жардам кампаниясы уюштурулду

Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу максатында Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ) да болгон 8 телеканалдын биргелешкен берүүсү менен «Түркия бир жүрөк» жардам кампаниясы уюштурулду.

Кампаниянын алкагында чогулган 115,1 миллиард түрк лирасы Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгына (AFAD) жана Түрк Кызылайына берилет.

Президент Режеп Таййип Эрдоган санариптик, жергиликтүү, аймактык, улуттук жана эл аралык 200гө жакын телекөрсөтүү жана 500 радионун катышуусунда Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) жана Азербайжандан көрсөтүлгөн телеберүүгө телефон аркылуу байланышып: «Өлкөдөн жана чет өлкөдөн AFAD эсебине келе турган ар бир тыйын жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн жумшалат»,-деди.

6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр 11 провинция менен Сирияда да таасирдүү болуп, миңдеген адамдардын өмүрүн алды.



Тектеш кабарлар