Жер титирөөдөн 222 сааттан кийин 42 жаштагы аял куткарылды

Эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн кийин жабыркоочуларга жардам берүү үчүн топтор болгон күчү менен иштеп жатышат.

1946941
Жер титирөөдөн 222 сааттан кийин 42 жаштагы аял куткарылды

Эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн кийин жабыркоочуларга жардам берүү үчүн топтор болгон күчү менен иштеп жатышат.

Уранды астынан куткарылгандар кубантууда.

"Кылымдын апааты" деп мүнөздөлгөн  жер титирөөнүн 222 - саатында Кахраманмараштын  Он ики шубат (12 -  февраль)  районунда жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштеринин натыйжасында 42 жаштагы Мелике Имамоглу урандыдан чыгарылып, ооруканага жаткырылды.

Дулкадироглу районунда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында жер титирөөнүн 227 саатында 74 жаштагы Жемиле Кекеч куткарылып, ооруканага жеткирилди.

Хатайдын  Антакья районунда жер титирөөнүн 228  - саатында урандылардын астынан бир аял жана эки бала чыгарылды. Куткарылган адамдар биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин медициналык топторго өткөрүлүп берилди.

6 - февралда болгон жана 10 облусту таасири астына алган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, «кылым апааты» деп мүнөздөлүүдө.



Тектеш кабарлар