Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөр боюнча дүйнө жүзү тилектештиктерин билдирүүдө...

«Кылымдын апааты» деп сыпатталган очогу Кахраманмараш болгон жана 10 провинция менен Сирияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жертитирөөлөрдөн кийин дүйнө жүзүнөн тилектештик билдирилип жатат.

1946716
Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөр боюнча дүйнө жүзү тилектештиктерин билдирүүдө...

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында «Түркия үчүн бир жүрөк – кайгыбыз бир азабыз бир» деген ураан менен атайын берүү өткөрүлдү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Кипр Түрк тилектештик платформасынын ортосунда Түркиядагы жер титирөө зонасында 1000 панелдүү турак жай куруу үчүн кол коюлган долбоорду колдоо максатында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мамлекеттик телеканалы Байрак Радио Телеберүүсүндө (BRT) «Түркия үчүн бир жүрөк – кайгыбыз бир азабыз бир» аттуу атайын берүү уюштурулду.

НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Украинаны коргоону колдоо тобунун жыйынынын ачылышында Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг баш болгон НАТОнун жооптуулары Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлчүлүгүндө ачылган көңүл айтуу китебине кол коюшту.

Америка Кошмо Штаттарынын борбор шаары Вашингтондогу Жоржтаун университетинде Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн мусулман, еврей жана христиан диниятчылары катышкан дуба иш-чарасы өткөрүлдү.

Англиянын королу Чарльз III жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берип жаткан ыктыярчыларга барды.

Королдук үй-бүлөнүн Твиттер эсебинен бөлүшүлгөн билдирүүдө король Чарльздын Лондондун Хонслоу аймагындагы Батыш Лондон түрк ыктыярчылар коомуна барып баарлашканы жарыяланды.

Венгриянын президенти Каталин Новак, Будапешттеги аккредиттелген аял элчилер менен очогу Кахраманмарашта болгон жер титирөөдө каза болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерди.

Грециядагы балдар хору Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркаган балдар менен тилектештик үчүн борбор шаар Афинада ырдашты.

Суданда ондогон адамдар жер титирөөдөн жабыркагандар менен тилектештик үчүн чогулушту. Иш-чаранын алкагында Түркиянын Хартум элчилигинин алдына чогулган топтун мүчөлөрү Түркияга жана жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо билдирүүсүн жасагандан кийин тарап кетишти.

Кахраманмарашта 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр 10 провинция менен Сирияда миңдеген адамдын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп аталууда.



Тектеш кабарлар