Чавушоглу: «Башпаанек издегендердин агымы тууралуу доомат негизсиз»

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Ливиянын тышкы иштер министри Некла ел-Менгуш менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1945949
Чавушоглу: «Башпаанек издегендердин агымы тууралуу доомат негизсиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жер титирөөдөн улам Сириядан Түркияга качкындардын агымы болду деген дооматтардын негизсиз экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Ливиянын тышкы иштер министри Некла ел-Менгуш менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жана Сирияга да таасир эткен жер титирөөдөн улам бул өлкөдөн Түркияга баш калкалоочу агымы бар деген дооматтардын чындыкты чагылдырбаганын айтты.

Коомчулукту провокациялоо үчүн жалган маалымат таратуунун жакшы ниеттүү бир мамиле эмес экенин баса белгилеген Чавушоглу:«Биз эл аралык коомчулукка жана Бириккен Улуттар Уюмуна биздин чек ара дарбазаларыбыздан (Сирияга жардам берүү үчүн) өтүшү мүмкүн экенин айттык. Кеп ушунда. Жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ жайгашкан аймактарга чек ара дарбазаларын ачканыбыз же сириялыктардын агымы бар деген туура эмес»,-деди.

Тышкы иштер министри:«Бул эшиктердин ачык болгону гуманитардык жардамдын келиши үчүн гана. Жалган маалымат таратуу жакшы ниет эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар