Чавушоглу: «Сирияга жардам берүү үчүн эшигибиз ачык»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жер титирөө болгон Хатайда басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

1945448
Чавушоглу: «Сирияга жардам берүү үчүн эшигибиз ачык»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Сирия менен чек ара дарбазаларынын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бул өлкөгө жөнөтө турган гуманитардык жардамдары үчүн ачык экенин айтты.

Министр Чавушоглу жер титирөө болгон Хатайда басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

6-февралда Кахраманмарашта болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген «кылымдын апааты» деп сыпатталган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдүн Сирияны да солкулдатканын жана бул өлкөдө каза болгондордун бар экенин баса белгилеген Чавушоглу:«Эл аралык коомчулук бизге жардам бергени сыяктуу Сириядагы жер титирөөдөн жабыркаган элге да жардам жөнөтүп жатат. Биз жарааттарыбызды таңып жатканда Сирияга бара турган жардамдарды колдоо жана алардын өтүшүн камсыз кылуу биздин адамдык милдетибиз»,-деди.

Министр Чавушоглу Түркия аркылуу Сирияга жардам жөнөтүүнү каалаган өлкөлөр болгондо ыраазы болгондорун, кээ бир өлкөлөрдүн жардамын түздөн-түз Сирияга жөнөткөнүн жана түрк аба мейкиндигинин ал учактар ​​үчүн ачылганын айтты.

Чавушоглу: «Килисте эки чек ара дарбазабыз бар. БУУга жана эл аралык коомчулукка бул эки дарбазаны ачып колдоно аларыбызды айттык. БУУ буга баа берип жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар