Чавушоглу Дендиас менен бирге билдирүү жасады

Мевлүт Чавушоглу, Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин бүгүн Түркияга келген Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен Хатайда билдирүүлөрдү жасады.

1945400
Чавушоглу Дендиас менен бирге билдирүү жасады
cavusoglu-dendias.jpg
dendia-cavusoglu.jpg
dendia-cavusoglu.jpg
dendia-cavusoglu.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын кыйын күндөрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн грек элине ыраазычылык билдирди.

Мевлүт Чавушоглу, Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин бүгүн Түркияга келген Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен Хатайда билдирүүлөрдү жасады.

Министр Чавушоглу:«Жер титирөө болгондон кийин Греция биринчилерден болуп Түркияга телефон чалып, жардам сунуштаган. Алар дароо издөө-куткаруу топторун жиберип, көп сандаган учак менен Түркияга гуманитардык жардам алып келишти»,-деди.

Чавушоглу: «Ар бир куткарылган адамдан кийин биз бул жерде грек командасы гана эмес, бүткүл грек эли кандай сүйүнгөнүн көрдүк»,-деп айтты.

Мындай күндөрдө жакшы коңшулуктун ачык көрүнүп турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Мен досум Никос Дендиаска жана жеке Греция өкмөтүнө жана бардык грек элине ушул оор мезгилде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем»,-деп айтты.

Грециянын тышкы иштер министри Дендиас болсо: «Грек өкмөтүнүн түрк өкмөтүнө жана түрк элинин бул оор күндөрдү жеңүүсүнө көрсөткөн колдоосу ушуну менен эле бүтпөйт. Биз эки тараптуу деңгээлде да, Европа Биримдиги деңгээлинде да оор күндөрдү жеңүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар