Кахраманмараштагы жер титирөөдө 22 миң 327 адам каза болду

Жер титирөөдөн улам кыйраган имараттарда издөө -  куткаруу иштери улантылууда.

1945087
Кахраманмараштагы жер титирөөдө 22 миң 327 адам каза болду

Кахраманмараш эпицентри болгон 7,7 жана 7,6 баллдык   жер титирөөлөрдө 22 миң 327 адам каза болду.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөдө 22 миң 327 кишинин каза болгондугун, 80 миң 278 кишинин жаралуу куткарылгандыгын билдирди. 

Жер титирөөдө жабыркаган  облустардан 102 миң 388 жабыркоочу эвакуацияланды.  

Аймакта иштеп жаткан кызматкер саны 166 миң 334кө жетти.  68 өлкөдөн 8 миң 326  киши издөө -  куткаруу  иштерин аткарууда. 

102  миң 274 үй  - бүлө чатыры курулуп бүттү.

Жер титирөөдөн жабыркаган 10 облуста  7 миң 584 кыйраган же чукул түрдө кулатылышы керек болгон имарат, 12  617 оор чыгымга учураган имарат аныкталды. 

Бир тараптан AFAD жер титирөө жана коркунучтарды азайтуу боюнча башкы менеджери профессор доктор Орхан Татар : "Биринчи күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө 65, экинчи жер титирөө 45 секунд болду. Эки жолку жер титирөө менен аймак 2 мүнөттөй катуу силкинди. 7,7 баллдык жер титирөө  ачыкка чыгарган энергия 500 атом бомбасынын таасири жана энергиясына ээ»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар