Жер титирөөдө каза болгондордун саны 20 миң 213кө жетти

Кыйраган имараттардын урандыларынын астында калган жарандарды куткаруу иштери  уланууда.

1945059
Жер  титирөөдө каза болгондордун саны 20 миң  213кө жетти

6 - февралда эпицентри Кахраманмараш болгон   жер титирөөдө каза болгондордун саны 20 миң 213кө жетти.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа  Хатайда берген маалыматында эпицентри Кахраманмараш болон жер титирөөлөрдө 20 миң 213 кишинин каза болгондугун, 80 миң 52 кишинин жаралангандыгын билдирди. Кожа уранды астынан куткарылган 20 миң жарандын чукул кийлигишүүдөн кийин аба, кургактык тез жардам жана деңиз унаалары менен аймак тышындагы облустарга жеткирилиши үчүн мүмкүнчүлүк түзгөндрүн белгиледи.

Апаат жана чукул кырдаалдар башкармалыгынын  (AFAD) билдирүүсүнө караганда жер титирөө болгон аймактан башка облустарга жиберилген жабыркоочулардын саны 86 миң 754 болду. 

7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө кыйраган имараттардын урандыларынын астында калган жарандарды куткаруу иштери  уланууда.

Килис жана Шанлыурфада издөө - куткаруу иштеринин аяктагандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар