Көптөгөн сааттардан кийин уранды астынан кубантуучу кабарлар келди

Хатайда 10 күндүк ымыркай менен энеси да жер титирөөдөн 90 сааттан кийин уранды астынан чыгарылды.

1944764
Көптөгөн сааттардан кийин уранды астынан кубантуучу кабарлар келди

Кахраманмараш эпицентри болгон жер титирөөдө жүздөгөн куткаруучу топ жана миңдеген ыктыярчы уранды астынан кубантуучу кабар берүү үчүн аракет кылууда.

Көптөгөн саат өтсө да уранды астынан кубантуучу кабарлар келүүдө.

Издөө - куткаруу иштеринин 5 - күнүндө урандылардан көптөгөн сааттардан кийин куткарылгандар тууралуу кабарлар  Түркияны кубантууда.

Биринчи жер титирөөдөн кийин 96 – 102 – сааттардын арасында 25 киши куткаруучу топтор тарабынан аман чыгарылды.

Хатайдын Искендерун районундагы 5 кабаттуу имараттын урандысынан жер титирөөдөн 102 сааттан кийин 6 кишилик үй  - бүлө куткарылды.

Антакия районунда да жер титирөөдөн 102 сааттан кийин 32 жаштагы бир кишиге, 101 саттан кийин 30 жаштагы  Хикмет Йигитбашы аман куткарылып, 36 жаштагы бир аял  чыгарылды.

101 сааттан кийин Диярбакырда да эне менен уулу урандыдан жаралуу чыгарылды.

Кахраманмарашта 101 сааттан кийин 28 жаштагы бир университет студенти, эки кыз бир тууганда жер титирөөдөн кийин 99 жана  101 -  сааттарда, 99 сааттан кийин бир киши, Хатайда да 98 сааттан кийин бир киши, 96 сааттан кийин 1,5 жаштагы Села бөбөк менен үй  -  бүлөсүнөн 4 киши аман куткарылды. Хатайда 10 күндүк ымыркай менен энеси да жер титирөөдөн 90 сааттан кийин уранды астынан чыгарылды.

Газиантепте уранды астында калган 17 жаштагы Аднан Коркут 94 сааттан кийин аман куткарылды.



Тектеш кабарлар