Алтун: "Дезинформация улуттук коопсуздук үчүн олуттуу коркунуч"

Алтун социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, түрк жетекчилеринин кечээ Твиттер аркылуу жемиштүү сүйлөшүү өткөргөндөрүн белгиледи.

1944400
Алтун: "Дезинформация улуттук коопсуздук үчүн олуттуу коркунуч"

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, дезинформациянын демократия, социалдык тынчтык жана улуттук коопсуздук үчүн олуттуу коркунуч экенин айтты.

Алтун социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, түрк кызматкерлеринин кечээ Твиттер менен жемиштүү сүйлөшүү өткөргөндөрүн белгиледи.

Твиттердин жетекчилигине, Түркиянын дезинформацияга каршы күрөшүү аракетин колдоо жана кызматташуу убадасы үчүн ыраазычылык билдирген Алтун: «Дезинформация адамзаттын жалпы душманы жана ошол эле учурда демократияга, социалдык тынчтыкка жана улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч. Биз жакынкы күндөрдө жана апталарда Twitter менен дагы да тыгыз кызматташууну күтөбүз»,-деди.

Кечээки жыйында Твиттер, жалган маалыматка каршы күрөшүү, негизсиз кабарларга бөгөт коюу жана фейк аккаунттарга каршы ыкчам чара көрүү үчүн Түркия менен толук кызматташууну макулдашты.


Этикеткалар: #дезинформациянын

Тектеш кабарлар