Жер титирөөлөрдөн каза тапкандардын саны

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) 6-февралда болгон жер титирөөлөрдө 9 миң 57 кишинин каза болгонун, 52 миң 979 кишинин жаракат алганын билдирди.

1943533
Жер титирөөлөрдөн каза тапкандардын саны

Очогу Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн каза тапкандардын саны 9 миң 57ге жетти.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) 6-февралда болгон жер титирөөлөрдө 9 миң 57 кишинин каза болгонун, 52 миң 979 кишинин жаракат алганын билдирди.

Кыйраган 6 миң 444 имараттын урандыларында издөө-куткаруу иштери уланууда.

Жер титирөөдөн жабыркагандардын баш калкалоосу үчүн аймакта 70 миң 818 чатыр тигилди.

Ал жерлерде 96 миң 670 издөө-куткаруу кызматкери иштеп жатат.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, жер титирөөдөн зыян тарткан 10 облуста 77 көчмө оорукана кургандарын айтып: «Тез жардам кызматтары көрсөтүлгөн бул ооруканалардын кээ бирлеринде хирургиялык операцияларды да жасай алабыз. Ден-соолуктары кооптуу болгон жер титирөөдөн жабыркагандар биринчи жардамдан кийин тик учактар ​​менен аймактагы ооруканаларга жеткирилет», - деди.

 



Тектеш кабарлар