15 айлык ымыркай 31 сааттан кийин урандылардын астынан чыгарылды
Мендерес конушунда жүргүзүлүп жаткан иштерден жакшы кабар келди.
Кахраманмарашта жер титирөөдөн кийин кыйраган Мендерес районундагы бир имараттын урандыларынан 15 айлык ымыркай чыгарылып ооруканага жеткирилди.
Эпицентри Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондору болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө урандылардын астында калгандарды куткаруу максатында Мендерес конушунда жүргүзүлүп жаткан иштерден жакшы кабар келди.
10 кабаттуу имараттын урандыларынан угулган үндөрдөн улам аракеттерин ылдамдаткан топтор, 31 сааттай урандылардын астында калган 15 айлык Мерьем Ышыкка жетти.
Урандылардын астынан чыгарылып биринчи жардам көрсөтүлгөн наристе тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди.
Ымыркайдын апасынын да урандылардын астында экени тууралуу маалыматтан улам топтор ошол эле жерде ишин улантышууда.
Тектеш кабарлар
Министр Гүлер ливиялык командирди кабыл алды
Баш калаа Анкарадагы жолугушууда, Ливия менен аскердик билим берүү жана кеңешүү жараяны каралды.
Глобалдык нөл калдык жакшы ниет декларациясы
АКШга барган Эмине Эрдоган Жеффри Саксты Нью-Йорктогу Түрк үйүндө тосуп алды.