Варанк Түркияны аккумулятор өнөр жайы технологияларында маанилүү актер кылууну каалагандарын айтты

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Варанк 1,5 миллиард лиралык инвестиция менен Кайсериде ASPİLSAN Energy тарабынан курулган Европанын биринчи жана жалгыз цилиндр түрүндөгү литий-иондук батарейка чыгаруучу ишканасында иликтөөлөрдү жүргү

1942121
Варанк Түркияны аккумулятор өнөр жайы технологияларында маанилүү актер кылууну каалагандарын айтты

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркияны аккумулятор өнөр жайы жана сактоо технологияларында маанилүү бир актер кылууну каалагандарын айтты.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Варанк 1,5 миллиард лиралык инвестиция менен Кайсериде ASPİLSAN Energy тарабынан курулган Европанын биринчи жана жалгыз цилиндр түрүндөгү литий-иондук батарейка чыгаруучу ишканасында иликтөөлөрдү жүргүздү.

Энергетика тармагында чоң өзгөрүү жана трансформация болгонун баса белгилеген Варанк, өзгөчө унаалардын электрлештирилүүсү менен энергетика тармагында абдан олуттуу өзгөрүү болгонун айтты.

Варанк мындай деди: «Литий-иондук батарейкалар да бул трансформацияда абдан маанилүү оюнчулар. Биз Түркияда литий-иондук батарейкалар жагынан инвестицияны колдойбуз. Түркиянын Togg унаасы Фарасис менен бирге Түркияда автоунаага багытталган аккумулятор инвестициясы үчүн жеңди түрүп киришти. Кайрадан , глобалдык Форд фирмасы Түркияда аккумулятор инвестициясын жасай турганын жарыялады. Мындан тышкары учурда Түркияда ар түрдүү фирмалар сактоо технологияларына инвестиция салууда. Биз Түркияны аккумулятор тармагында жана сактоо технологияларында маанилүү бир актер кылууну каалайбыз».

Мекемеде күнүнө 24 миң даана өндүрүлгөнүн белгилеген Мустафа Варанк өндүрүштүн акырындык менен өсүп жатканын айтты.

1981-жылы негизделген ASPİLSAN Energy энергетика, коргонуу өнөр жайы жана авиация секторлорунда иш алып барган компания. Литий-иондук кайра заряддалуучу 18650 цилиндрдик аккумуляторлорду массалык түрдө чыгарган Европада биринчи фирма болгон компания Түркиянын биринчи жана жалгыз Ni-Cd химиясында учак/тик учактын батарея системаларын да чыгарат. Компания Түркиянын эң чоң аккумулятор өндүрүүчүсү.



Тектеш кабарлар