Эрдоган Түркия кылымы тууралуу билдирүү жасады
Президент Эрдоган Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) биргелешкен эфиринде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берип, билдирүү жасады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркиянын акыркы мезгилдеги күч-кубаты жана тажрыйбасы менен дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бири боло турган мезгилдин аты Түркия кылымы деп аталат»,-деди.
Президент Эрдоган Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) биргелешкен эфиринде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берип, билдирүү жасады.
Эл алдына жетишкендиктер менен чыгуу зарыл экенин белгилеген Эрдоган: «Эмгегиң менен элиңдин алдында болбосоң, элиң сени баалабайт. 20 жылдан бери эмне кылып жатканыбызды элибиз көрүп турат. /•••/. Түркия кылымы – көз караш темасы болуп саналат. /•••/. Түркиянын күч-кубаты жана тажрыйбасы менен дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бири боло турган мезгилдин аты Түркия Кылымы деп аталат. Эми Түркиянын мүмкүнчүлүктөрүн жарандарыбызга тартуулап жатабыз»,-деди.