Хулуси Акар : "Кол салууларга эселентүү менен жооп кайтарылууда"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар журналисттердин түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү база аймагына карата ракеталык кол салуусуна байланыштуу суроосуна жооп берди.

1940640
Хулуси Акар : "Кол салууларга эселентүү менен жооп кайтарылууда"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирактын түндүгүндөгү түрк куралдуу күчтөрүнүн база аймагына жасалган кол салууга байланыштуу : "Маал - маалы менен кол салуулар болууда.  Аларга каршы дароо керектүү жооп кайтарылууда", - деди.

Министр Акар Түркия Улуу Улуттук Парламентинде Адилеттик жана өнүгүү партиясынын франкция жыйынынан мурда журналисттердин түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү база аймагына карата ракеталык кол салуусуна байланыштуу суроосуна жооп берди.

Акар түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшүүнү улантып жаткандыгына көңүлдөрдү буруп : "Бул күрөш акыркы бир террорист жок кылыганган чейин улантылат. Сириянын түндүгүндө, Ирактын түндүгүндө террорду, террористти жок кылуу максатында ишибизди улантуудабыз. Мехметчик катуу суук жана калың жааган карга карабастан чечкиндүүлүк менен баатырдык менен күрөшүн улантууда.  Маал  - маал кол салуулар болууда. Аларга каршы дароо керектүү жооп кайтарылууда. мындан эч ким шектенбесин. Акыркы террорист жок болгонго чейин бул күрөш улантылат",- деди.

 



Тектеш кабарлар