Энергетика министри «Ачылыш оту» даректүү тасмасынын бет ачарына катышты

Министр Дөнмез бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын келечегине жарык чачкандардын жана Түркиянын гүлдөп турган келечеги үчүн тер төккөндөрдүн окуяларына күбө боло турганын айтты.

1939950
Энергетика министри «Ачылыш оту» даректүү тасмасынын бет ачарына катышты

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Кара деңизде жаратылыш газынын табылышын баяндаган «Ачылыш оту» даректүү тасмасынын Стамбулдагы бет ачарына катышты.

Министр Дөнмез бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын келечегине жарык чачкандардын жана Түркиянын гүлдөп турган келечеги үчүн тер төккөндөрдүн окуяларына күбө боло турганын айтты.

Кара деңиз аймагындагы долбоордун чоң ийгилик тарыхы экенин белгилеген Дөнмез: «Бул өзүн мекенине арнагандардын окуясы. Бул эртеңки Түркияга жана келечек муундарыбызга күчтүү мурас калтыруу үчүн үй-бүлөсүнөн, балдарынан жана жакындарынан алыс калгандардын окуясы»,-деди.

Кара деңиз газынын артындагы чоң аракетти «Ачылыш оту» даректүү тасмасы менен бир саатка сыйдырууга аракет кылгандарын белгилеген Дөнмез: «Биз билебиз, бүгүнкү түндүн каармандары менен бүгүнкү түндүн башкы актерлорунун окуясы бир түнгө батпай тургандай өтө чоң жана терең. Биз бул окуяларга күзгү гана кармадык. Түркиянын энергетика тарыхы кайра жазылып жатканда, биз бул окуялардын четте калтырылышына, унутулуп калышына же бир нече киши гана билишине ыраазы болгон жокпуз»,-деп айтты.

Дөнмез Кара деңиз долбооруна катышуу үчүн көптөгөн адистин Түркияга кайтып келгенин белгилеп: «Биз бул жерде окуяларды сериялай турган долбоорбуз бар. Балким, келечекте аларды китепке да айландырабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар