Болгариянын туризм министри : Түркия туризмде алдыңкылык берген өнөктөшүбүз

Илин Димитров Түркиянын өлкөсүнүн туризм боюнча алдыңкылык берген өнөктөшү экендигин айтты.

1938460
Болгариянын туризм министри : Түркия туризмде алдыңкылык берген өнөктөшүбүз

Болгариянын туризм министри Илин Димитров Түркиянын өлкөсүнүн туризмде алдыңкылык берген өнөктөшү экенин айтты.

Илин Димитров Стамбулда InvestBulgaria агенттиги уюштурган «Эл аралык бизнес жана инвестиция форумунда» сөз сүйлөдү.

Димитров: «Түркия Болгариянын туризм тармагындагы негизги өнөктөшү»,- экендигин айтып, учурдагы кыйынчылыктарга карата эки тараптуу карым - катнаштардын маанисинин барган сайын  такталарын айтты.

Димитров Болгария - Түркия биргелешкен туризм комитетинин төртүнчү жыйынын эки жумадан кийин Стамбулда өткөрө тургандарын бидирип : "Түркия акыркы жылдарда Болгарияга келген туристтердин саны боюнча биринчи үчтө орун алды. Бул көрсөткүчтөр рыноктун абдан динамикалуу экенин ачык көрсөтүп турат, бирок азыр да олуттуу өнүгүү потенциалы бар экенин эске алуу керек",- деди.

Димитров февраль айынан баштап Болгариянын Түркияда туризм атташеси боло турганын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар