Эрдоган Молдованын парламент спикерин кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери  Мустафа Шентоп Молдова парламентинин спикери Игорь Гросу менен жекеме - жеке, андан кийин делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

1938412
Эрдоган  Молдованын парламент  спикерин кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Молдова парламентинин спикери Игорь Гросунду кабыл алды.

Борбор шаар Анкарада Президенттик комплекстеги кабыл алуу басма сөзгө жабык өттү.

Кабыл алууга Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп да катышты.

Мустафа Шентоп Игорь Гросу менен жекеме -жеке жолугушуудан кийин делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

Шентоп жолугушууда Түркиянын орток чек арасы болбосо да Молдованы коңшусу катары кабыл алганын белгиледи.

Шентоп Гагауз автономиялуу облусунун Молдова менен карым - катнаштарынын маанисине токтолуп : "Биздин гагауз боордошторубузга болгон мамилебизди Молдованын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин шартсыз колдообуздан бөлүп кароого болбойт. Биз гагауз боордошторубуздун автономиялуулугун сактап, Молдовада бакубатчылыкта жана тынчтыкта ​​жашашын каалайбыз",- деди.

Молдова парламентинин төрагасы Игорь Гросу эпидемия жана Украина - Россия согушунда Молдовага көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Бир тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Игорь Гросу менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттер баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Молдова парламентинин спикери Гросу менен эки тараптуу мамилелерибизди, өзгөчө парламенттер аралык диалогубузду жана Украинадагы акыркы окуяларды талкууладык»,- деди.



Тектеш кабарлар