Швецияда Куранды урматтоо программасы өткөрүлдү
Швециядагы Түрк бейөкмөт уюмдарынын биргелешкен иш-чарасында Швеция Дин фондунун дин кызматкери Сердар Бүкме Куран окуп дуба кылды.
Швециянын борбор шаары Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында «Куранга урмат көрсөтүү» программасы өткөрүлдү.
Швециядагы Түрк бейөкмөт уюмдарынын биргелешкен иш-чарасында Швеция Дин фондунун дин кызматкери Сердар Бүкме Куран окуп дуба кылды.
Бүкме окуган Куран аяттарынын түрк жана швед тилинде котормолору да окулду.
Түркиянын Стокгольмдогу элчиси Йөнет Жан Тезел бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, 21-январда даниялык ашынган улутчул саясатчы Расмус Палудандын Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн провокацияга байланыштуу: «Миллиондогон, алтургай миллиарддаган кишилер сыяктуу биз да бул кыймыл-аракетти айыптайбыз»,-деди.
Программада катышуучуларга Курани Каримдин шведче котормосу жана гвоздика гүлдөрү таратылды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.