Нидерландиянын Анкарадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

1937116
Нидерландиянын Анкарадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Нидерландиянын Анкарадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө :«22 - январда Нидерландиянын Гаага шаарында исламга каршы бир адамдын ыйык китебибиз Куранды бутага алган жийиркеничтүү чабуулун эң катуу айыптайбыз.

Швециядан кийин Нидерландияда болгон жана  ыйык баалуулуктарыбызды кемсинткен жек көрүү кылмышын камтыган бул жийиркеничтүү кыймыл ислам душмандыгынын, бөлүүчүлүктүн жана чет элдик душмандыгынын эми Европада чек билбегендигинин жарыясы.

Бул кыймылдар мусулмандардын гана эмес, бүткүл адамзаттын негизги укуктарын жана эркиндиктерин, адеп-ахлактык баалуулуктары менен социалдык толеранттуулугун түздөн - түз бутага алган; тынчтыкта ​​чогуу жашоо маданиятына да зыян келтирүүдө.

Нидерландия мекемелеринен окуянын аткаруучуларына карата керектүү чаралардын көрүлүшүн, мындай окуялардын кайталанышын алдын алуу максатында так чараларды көрүшүн күтүп жатабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар