Эрдоган: «Түркия ийгилиги менен Африкадан Азияга чейин бардык эзилген элдерге илхам булагы болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бурсада экономикага кошумча нарк кошкондорду сыйлоо аземинде сөз сүйлөдү.

1936148
Эрдоган: «Түркия ийгилиги менен Африкадан Азияга чейин бардык эзилген элдерге илхам булагы болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өлкөнүн акыркы 20 жылдагы ийгилигинин туруктуу ырааттуулук чөйрөсүн түзүүгө таянганын айтты.

Президент Эрдоган Бурсада экономикага кошумча нарк кошкондорду сыйлоо аземинде сөз сүйлөдү.

Өлкөнүн акыркы 20 жылда жазган ийгилик тарыхынын артында саясатта туруктуу ишеним жана ырааттуулук чөйрөсүнүн түзүлүшү турганын баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын бул маанилүү жетишкендиктеринен улам террордук уюмдардан эл аралык державаларга, төңкөрүш аракетинен көчө акцияларына чейин дуушар болгон ар кандай кол салууларга карабастан бардык кыйынчылыктарды жеңе алганын айтты.

Эрдоган:«Бүгүн дүйнөдө кризистер, өзгөчө энергетика жана азык-түлүк тууралуу сөз болуп жатканда, биз экспортто 254 миллиард долларга жеттик, жумушчу күчүнүн көбөйүшүнө карабастан жумуштуулук көрсөткүчтөрү 32 миллионго жакындап, өткөн жылдын биринчи үч чейрегинде 6,2 пайыздык өсүшкө жетиштик. Туризмде 51 миллион туристтердин саны менен 46 миллиард долларга жеткен туризм кирешебизди, коргонуудан энергетикага чейин ар бир тармакта тарыхый жетишкендиктерди айтып жатабыз»,-деди.

Түркиянын глобалдык саясаттагы өзгөчө салмагынын ар бир окуя менен жогорулаганын баса белгилеген мамлекет башчысы: «Түркия бул ийгилиги менен бир гана өз аймагына эмес, Африкадан Азияга чейин бардык эзилген элдерге илхам булагы болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар