ПКК/ЙПГга мүчө 11 террорист жок кылынды
Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 11 террорист жок кылынды.
1935959

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 11 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта ПКК/ЙПГ террористтеринин Тель Рыфаттан Өнжүпынар чек ара пункту жооптуу болгон аймакка өп стволдуу ракета аткыч менен кол салгандыгы билдирилди.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүндө жоготуунун болбогондугу, өзүн-өзү коргоонун алкагында аныкталган террор буталарына катуу сокку урулганы маалымдалды.
Маалыматта : "Террор буталарына каршы ок атуучу унааларыбыз менен атышуулар улантылып, алгачкы аныктамалар боюнча 11 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды. Террордук кол салуунун эч бирин жоопсуз калтырган жокпуз жана калтырбайбыз»,-деп айтылды.