Чавушоглу ирандык кесиптеши менен жолугушту

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Амир Абдуллахиян менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1934146
Чавушоглу ирандык кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу террордук уюм ПКК менен күрөшүү үчүн Иран менен байланышта экендиктерин айтты.

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Амир Абдуллахиян менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Ирандын ортосундагы карым-катнаштарда үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн таасирдүүлүгүнө көңүл буруп: «Иран төрт кылымга жакын убакыттан бери өзгөрбөгөн, орток чек арабыз бар эзелики кошунабыз, бир тууган өлкө»,-деп баа берди.

Түркия менен Ирандын террор коркунучу алдында турган өлкөлөр экенин белгилеген Чавушоглу: «ПКК коркунучун жок кылуу үчүн Түркия катары керектүү чараларды көрүп, керектүү кадамдарды жасап жатабыз. Тилекке каршы ПКК Иран тарабында да бар. Бул темада ички иштер министрлиги, коопсуздук бөлүмдөрү жана чалгындоо кызматтарыбыз керектүү маалыматтарды бөлүштү. Террорчуларды күрт боордошторубуздан айырмалап, террористтерге каршы күрөшүүбүз керек»,-деди.

Ирандын тышкы иштер министри болсо коопсуздук боюнча да кеңешкендерин билдирип: «Террор менен күрөшүүдө Түркия менен болгон кызматташтыгыбыз эң жогорку деңгээлдеги кызматташтыкка ээ»,-деди.



Тектеш кабарлар