Түркия-Италия макулдашуусу

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу борбор шаар Анкарада Италиянын ички иштер министри Маттео Пиантедоси менен жолугушту.

1933431
Түркия-Италия макулдашуусу

Түркия менен Италиянын ортосунда мигранттардын аткезчилигине каршы күрөш боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу борбор шаар Анкарада Италиянын ички иштер министри Маттео Пиантедоси менен жолугушту.

Эки тараптуу жана делегациялар ортосундагы жолугушуулардын жүрүшүндө Ички иштер министрлиги менен Италиянын Ички иштер министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Буга ылайык Түркиядан Коопсуздук башкы башкармалыгынын адистери убактылуу Италияга дайындалышы мүмкүн.

Уюшкан кылмыштуулук, терроризм, баңгизат менен күрөшүү жана өзгөчө мигранттардын аткезчилиги темасында түрк жана итальян полициясы байланышта болот.

Сүлейман Сойлу италиялык кесиптеши менен макулдашкан темаларда ийгиликтүү иштерди аткара тургандарын белгилеп, мунун эл аралык ырааттуулукка салым кошоруна ишенгенин айтты.

Пиантедоси да мыйзамсыз миграцияга каршы чечкиндүү күрөшүп жатып адам укуктарынын эске алынышы керектигин, Түркияда муну көргөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар