Эрдоган Швецияны эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Муглада өткөрүлгөн Жаштар жыйналышында сөз сүйлөдү.

1932941
Эрдоган Швецияны эскертти
Erdoğan Muğla
Erdoğan Muğla1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган жикчил террордук уюм ПКК колдоочуларынын Швецияда өткөн жумада уюштурган провокациялык кыймылына байланыштуу: «Эгерде алар бул кырдаалды колго албаса, бул биздин Швеция менен болгон мамилебизди ого бетер курчутуп коюшу мүмкүн»,-деди.

Президент Эрдоган Муглада өткөрүлгөн Жаштар жыйналышында сөз сүйлөдү.

«Чыккынчы террористтер акыркы күндөрдө Швецияда күтпөгөн бир кыймылды ишке ашырышты. Бул ашынган кыймылдар ПКК/ПЙДнын ал жакта тыгылып калышынан уламбы? Же Швеция бийлиги бул кыймылдарга көз жумуп жатабы?»,деген суроого Эрдоган төмөнкүдөй жооп берди:«Швеция менен Финляндия бизден (июндагы саммитте) НАТОго кирүүнү суранышты. /.../. Бирок биз аларга бир нерсе айттык. "Сиз бизге ал жактагы терррористтерди өткөрүп бербесеңиз, биз сиздин НАТОго кирүү арызыңызды парламенттен өткөрө албайбыз. 100дөн ашуун 130дай (террорист) тизмесин берип, бизге бул террористтерди беришиңиз керек",-дедик. Тилекке каршы, муну кыла алышкан жок./…/. Көчөлөрүндө ПККнын демонстрацияларын көп көрүп, эскертип турабыз, бирок тилекке каршы, бардык бул эскертүүлөргө карабастан, бул демонстрацияларда ПКК же ПЙДны токтотуу маселеси болгон жок./… /. Эгер алар Швециядагы бул абалга каршы позицияны кармашпаса, бул биздин Швеция менен болгон мамилебизди ого бетер курчутушу мүмкүн».

Эрдоган террордук уюмдардын Швеция жана Финляндияда гана эмес, Германия, Франция жана Англияда да пайда болушун улантканын белгилеп: «Түркия катары бул (өлкөлөргө) карата мамилебизди ошого жараша аныктайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар