Акиф Чагатай Кылыч Германияда чет элдик душмандыктын күчөгөнүн белгиледи

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комитетинин төрагасы Акиф Чагатай Кылыч жолугушууларды өткөрүү үчүн Германияга барды.

1931649
Акиф Чагатай Кылыч Германияда чет элдик душмандыктын күчөгөнүн белгиледи

 Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комитетинин төрагасы Акиф Чагатай Кылыч Германияда ксенофобиянын күчөгөнүн айтып : "Германияда кайрадан жанданууга аракет кылып жаткан расизм структурасы бар",- деди.

Жолугушууларды өткөрүү үчүн Германияга барган жана Түркиянын Эссен башкы консулдугунда түрк бейөкмөт уюмдары жана бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушкан Акиф Чагатай Кылыч жыйындан мурда   басма сөзгө маалымат берди.

Батыш өлкөлөрүндө акыркы кездери ксенофобиялык кол салуулардын көбөйгөнүнө көңүлдөрдү бурган Кылыч немис бийликтери менен өткөргөн жолугушууларда бул структуралардын кенен түрдө  ачыкка чыгарылышын талап кылгандарын айтты.

Кылыч : «Германияда ксенофобиялык кол салуулардын көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Өлкөдө кайрадан пайда болууга аракет кылган расисттик түзүлүш бар»,-деди.

Германияда бир гана мусулмандарга эмес, еврейлерге да кол салуулар болуп жатканын белгилеген Кылыч : «Булардын бардыгына жалпысынан баа бергенибизде ксенофобия жана ашыкча оңчул деп аталган саясий агымдардын таасиринин бар экенин көрөбүз»,- деди.  

Кылыч немис бийликтери тарабынан өлкөдөгү бул кол салуулардын артындагы түйүндү ортого чыгаруу,  бюрократияга элементтерин кармоо жана сазды кургатуу үчүн иштеши керектигин айтты.



Тектеш кабарлар