YTBнын Түркия стипендиялары...

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн өтүнмөлөр; бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлинде окууну каалаган эл аралык студенттер үчүн ачык болот.

1930807
YTBнын Түркия стипендиялары...

Дүйнөнүн төрт бурчунан келген эл аралык студенттерге Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) «Түркия стипендиялары» программасына 2023-жылга тапшыруулар башталды.

YTB ​​тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, 1992-жылы «Чоң студенттик долбоор» катары башталган жана 2012-жылы «Түркия стипендиялары» бренди менен дүйнөгө ачылган Түркиянын расмий эл аралык студенттик стипендия программасына 2023-жыл үчүн тапшыруулары ачылды.

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн өтүнмөлөр; бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлинде окууну каалаган эл аралык студенттер үчүн ачык болот.

Стипендия программаларына арыздар «https://tbbs.turkiyeburslari.gov.tr/» баракчасынан 20-февралга чейин кабыл алынат.

Түркия стипендиялары программасы; Университет бөлүмдөрүнө жайгаштыруу, айлык стипендия, университетте окуу акысы, ден-соолук камсыздандыруусу, жатакана, тамактануу, бекер кесиптик жана академиялык программалар жана эки тарапка учуу билети мүмкүнчүлүктөрү менен дүйнөдөгү эң комплекстүү стипендия программасы катары белгилүү.



Тектеш кабарлар