Эрдоган: «Климаттын өзгөрүшү адамзаттын орток көйгөйү»

Президент Эрдоган Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюму жана Пакистан тарабынан уюштурулган «Климатка туруктуу Пакистан» эл аралык конференциясына видео кайрылуу жолдоду.

1929895
Эрдоган: «Климаттын өзгөрүшү адамзаттын орток көйгөйү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Климаттык кризистин кыйраткыч кесепеттерине каршы дагы биргелешкен иш керек экени түшүнүктүү. Климаттын өзгөрүшү жана ал жараткан көйгөйлөр адамзаттын жалпы түйшүгү болуп саналат»,-деди.

Президент Эрдоган Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюму жана Пакистан тарабынан уюштурулган «Климатка туруктуу Пакистан» эл аралык конференциясына видео кайрылуу жолдоду.

Акыркы айларда болгон сел апаатынан улам пакистандыктардын тезирээк сакайып кетишин тилеген президент Эрдоган:«Биз Түркия катары тарых бою болгонундай Пакистан элин бул оор күндө да жалгыз калтырган жокпуз»,-деп айтты.

Түркиянын Пакистанга 15 учак жана 13 поезд менен 7 миң 500 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткиргенин, мындан тышкары жергиликтүү өндүрүмдөр да жабыркагандар менен бөлүшүлгөнүн билдирген президент Эрдоган: «Ошондой эле 1630 тоннадан ашык гуманитардык жардамды ташыган 2 кемени жөнөттүк. Бул кемелердин портторго келиши менен пакистандык боордошторубуздун кыйынчылыктары бир аз жеңилдейт деп ишенем»,-деп айтты.

Түркиядан тышкары башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдардын Пакистан элинин чыгымын көтөрө баштаганын белгилеген президент Эрдоган: «Бирок, климаттык кризистин кыйратуучу кесепеттерине каршы дагы биргелешкен иштердин зарылчылыгы бар экендиги айдан ачык. Климаттын өзгөрүшү жана ал алып келген көйгөйлөр адамзаттын жалпы маселеси. Пакистанда болгон окуя дагы бир жолу климаттын өзгөрүшүнүн кыйратуучу кесепеттерин ачып берди.

Бул жана ушул сыяктуу кырсыктарга каршы бир стратегиянын алкагында тилектештик менен күрөшүү керек. Түркия бул глобалдык күрөшкө салым кошуу жагынан өз милдеттерин аткарууда. Кырсык болгон аймактардан тышкары, Пакистандын кырсык коркунучу бар бардык аймактарынын климатка туруктуу түрдө кайра курулушу жаңы азап-кайгынын алдын алат»,-деди.



Тектеш кабарлар