"Коммерсант" гезитинен Эрдоганга мактоо

«Коммерсант» гезитинде Кирилл Кривошеев жарыяланган «Орду толгус Режеп» деген темадагы анализде президент Режеп Таййип Эрдоганды 2022 - жылдын эң ийгиликтүү дүйнө лидери деп айтууга боло турганы белгиленди.

1928836
"Коммерсант" гезитинен Эрдоганга мактоо

Россияда жарыяланган   «Коммерсант» гезити Украина кризисинен улам эл аралык коомчулуктун экиге бөлүнүшүнөн кийин Түркиянын өзгөчө бир позицияны көрсөткөнүн белгиледи.

«Коммерсант» гезитинде Кирилл Кривошеев жарыялаган «Орду толгус Режеп» деген темадагы анализде президент Режеп Таййип Эрдоганды 2022 - жылдын эң ийгиликтүү дүйнө лидери деп айтууга боло турганы белгиленди.

Кривошеев Россиянын Украинада "атайын аскердик операциясын" баштагандан кийинки мезгилде Эрдогандын "талаш  - тартыштын тышында" калгандыгын жана альтернативасыз ортомчу статусун сактап калганын жазган.

Батыштын Москвага каршы санкцияларынын катаалдашы менен Түркиянын Россия менен соодасын арттырганын, дан келишиминде ортомчулук кылганын жана жаратылыш газ борбору долбооруна ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүн колго алганын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар