Түркия Израилди айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1927372
Түркия Израилди айыптады

Түркия Израилдин ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Месжид-и Аксага кысымынын тынчсыздануу жаратканын жана айыпталганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бен-Гвирдин Израиль полициясынын коргоосу астында Месжид-и Аксага каршы провокациялык аракетине тынчсызданабыз жана айыптайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө Израиль, Кудустагы диний жайлардын статусун жана ыйыктыгын буза турган, аймактагы кырдаалдын курчушуна себеп боло турган мындай провокациялардын алдын алуу үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырылды.

Провокациялык аракеттери менен таанылган Бен-Гвир бүгүн Израиль полициясынын коргоосу астында Месжид-и Аксага тинтүү жүргүзүп Харам-и Шарифке кирип барган.

Бен-Гвир 5 жылдан кийин Аль-Акса мечитине кирген Израилдин кызматтагы биринчи министри болду.


Этикеткалар: #Аль-Акса мечитине

Тектеш кабарлар