Акар "Анадолу" кемесинде иликтөөлөрдү жүргүздү

Акар бул жердеги билдирүүсүндө Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укук жана кызыкчылыктарына баа берди.

1926532
Акар "Анадолу" кемесинде иликтөөлөрдү жүргүздү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын жакшы коңшулук мамилелерде Эгей деңизиндеги байлыктардын адилеттүү түрдө бөлүштүрүлүшүн чын жүрөктөн колдой турганын айтты.

Хулуси Акар Мрамор деңизинде сыноо баскычында турган дүйнөдөгү биринчи Куралдуу каптитансыз кеме жана Түркиянын эң чоң согуштук Анадолу кемесинде иликтөөлөрдү жүргүздү.

Акар бул жердеги билдирүүсүндө Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укук жана кызыкчылыктарына баа берди.

Грециянын чагымчыл аракеттерин жана риторикасын улантып жатканын белгилеген Акар: «Түркия эч кимге коркунуч туудурбайт, ишенимдүү, күчтүү жана таасирдүү өнөктөш. Муну ушундай билиш керек»,- деди.

Түркиянын диалог чакырыктарынын алсыздык катары түшүнүлбөшү керектигин баса белгилеген Акар: «Биз чын ыкластуу жакшы коңшулук мамилелерде Эгей деңизинин байлыктарынын адилеттүү түрдө бөлүштүрүлүшү жөнүндө айтып жатабыз. Өзүбүздүн жана кипрлик бир туугандарыбыздын укуктарын жана мыйзамдарын тебелетпейбиз жана эч бир болоору болдуга жол бербейбиз»,-деди.

Акар үчүнчү тараптарды окуяларга объективдүү мамиле жасоого, эмоцияга алдырган жана жаман ойлуу тарап болбоого чакырды.

Кипр маселесин да «улуттук маселе» деп мүнөздөгөн улуттук коргоо министри: «Кепилдик жана союздаштык келишимине ылайык өткөндөгүдөй эле бүнүнкү күндө дагы кипрлик бир туугандарыбызды колдойбуз. Кипрде эгемен, тең укуктуу жана көз карандысыз эки мамлекеттен сөз кылып жатат. Эми маселе бул мамлекеттин (ТКТР) түзүлүүсү эмес, түзүлгөн мамлекетти таанууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар