“Сипер” абадан коргонуу ракетасы 100 чакырым аралыктан ашты

Исмаил Демир Твиттер баракчасынан Синопто "Сипер" ракетасынын атылышына байланыштуу маалыматты бөлүштү.

1925986
“Сипер” абадан коргонуу ракетасы 100 чакырым аралыктан ашты

Ата мекендик алыскы аралыкка учуучу “Сипер” абадан коргонуу ракетасы 100 чакырым аралыктан ашты.

Коргонуу өнөр жайынын төрагасы  Исмаил Демир Твиттер баракчасынан Синопто "Сипер" ракетасынын атылышына байланыштуу маалыматты бөлүштү. 

Коргонуу өнөр жайынан Түрк кылымына кирип жатып  улутка карата жаңы жылдык белекке  басым жасаган Демир : 

«Алыс аралыкка учуучу аба жана ракеталык коргонуубуздун ачкычы болгон «Сипер" абадан коргонуу системасынан башкарылуучу сыноо ракетасы менен 100 километрден ашык аралыктагы бутага ийгиликтүү атылды»,-деди.

 

 



Тектеш кабарлар