"Сабиха Гөкчен" аэропортунда рекорд
24-декабрда эл аралык каттамдарда жалпысынан 55 миң 744 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлдү.
Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунда 24-декабрда чет өлкөдөн келген 29 миң 162 адам менен тарыхый рекорд коюлду.
Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын таасири басаңдагандан кийин эл аралык саякатка болгон суроо-талап жаңы жылдык эс алуу менен туу чокуга жетти.
Түркияда же башка өлкөлөрдө эс алууну каалагандар «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунда эл аралык жүргүнчүлөрдүн саны боюнча тарыхый рекорд коюлушун камсыздашты.
«Сабиха Гөкчен» аэропортунда 24-декабрда 29 миң 162 чет элдик жүргүнчү менен эң жогорку көрсөткүч катталды.
Бул датада эл аралык каттамдарга чыккан жүргүнчүлөрдүн саны болсо 26 миң 582 киши болду.
Ушундайча 24-декабрда эл аралык каттамдарда жалпысынан 55 миң 744 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлдү.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.