Акар: «Француздар баккан жылан өздөрүн чага башташты»

Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) командирлигинин коштоосунда Сирия чек ара сызыгында аскерлерди кароо жана текшерүү иштерин жүргүздү.

1923396
Акар: «Француздар баккан жылан өздөрүн чага башташты»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Франциянын борбор шаары Парижде жикчил террордук уюм ПККнын колдоочулары тарабынан жасалган окуяларга байланыштуу: «Француздар баккан жылан өздөрүн чага башташты»,-деди.

Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) командирлигинин коштоосунда Сирия чек ара тилкесинде аскерлерди кароо жана текшерүү иштерин жүргүздү.

Акар чек ара сызыгындагы жана чет өлкөлөрдөгү аскерлердин командирлери менен күч командирлигинин операция борборлорунун катышуусунда өткөрүлгөн видеоконференция жыйынында талаадагы иштер жана акыркы абал тууралуу маалымат алып, көрсөтмө берди.

Акар бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Чек арабыздын түбүндө уялаган террордук элементтерге бизден сабыр кылууну эч ким күтпөшү керек. TКK өлкөбүздүн жана асыл улутубуздун коопсуздугу үчүн керектүү жерде жана учурда бардык чараларды көрдү жана көрөт»,-деп айтты.

Министр Акар Парижде террордук уюмдун колдоочулары тарабынан ишке ашырылган окуяларга да токтолуп: «Террорчуларга жардам берүү жана колдоо көрсөтүү канчалык жаман экенин көрүштү./.../ Француздар багып жаткан жылан өздөрүн чага баштады. Ар бир адам эми бул террордук уюмдун чыныгы жүзүн көрүшү керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар