Байрактар TİHA сыноосу

Байкар фирмасы тарабынан иштелип чыккан Байрактар ​​Акынжы TİHA үчүн ата мекендик түрдө өндүрүлгөн жаңы ок-дарыларды жана системаларды интеграциялоо уланууда.

1922757
Байрактар TİHA сыноосу

Байрактар ​​Акынжы TİHA (Чабуулчу учкучсуз учуучу аппарат), улуттук жана жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан Гөкче жаңы муундагы багыттоочу комплект менен ишке ашырган сыноо атуусунда бутага жогорку тактык менен сокку урду.

Байкар компаниясы тарабынан иштелип чыккан Байрактар ​​Акынжы TİHA үчүн ата мекендик түрдө өндүрүлгөн жаңы ок-дарыларды жана системаларды интеграциялоо уланууда.

Ата мекендик ок-дары Гөкче жаңы муундагы багыттоочу комплект менен сыноо атуусу ийгиликтүү аяктады.

Байрактар ​​Акынжы TİHA, бортунда Гөкче комплекти бар болжол менен 455 килограммдык MK-83 менен аткылоодо бутага таамай сокку урду.

Байрактар ​​Акынжы 20 миң фут бийиктиктен лазер менен белгилеген бутаны жогорку тактык менен кармаган Гөкче комплекти биринчи жолу учкучсуз учуучу аппаратта сыналды.



Тектеш кабарлар