Түрк аба жолдору Катовицеге каттамдарын баштайт

Жүргүнчүлөр Стамбулдан Катовицеге бардык салыктарды кошкондо 149 доллардан башталган атайын ачылыш баалары менен бара алышат.

1922391
Түрк аба жолдору Катовицеге каттамдарын баштайт

Түрк аба жолдору (THY) Польшанын өнөр жай шаары Катовицеге 2023-жылдын 3-мартында баштай турган каттамдары менен учуу желесин кеңейтүүнү улантууда.

THY Катовице каттамдарынын негизинде дестинация санын 343кө жеткирет.

Байрак ташуучу компания, Катовицеге 2023-жылдын 3-мартында баштай турган каттамдарын кышкы график боюнча аптасына 5 күн, дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарат.

Жүргүнчүлөр Стамбулдан Катовицеге бардык салыктарды кошкондо 149 доллардан башталган атайын ачылыш баалары менен бара алышат.

Польшанын эң ири шаарларынын бири жана өлкөнүн көмүр шахталары менен атактуу Силезия облусунун борбору Катовице, өлкөнүн өнөр жайы үчүн маанилүү аймакта жайгашкан. Тарыхый жана табигый кооздуктары менен өзгөчөлөнгөн шаар, Парашют мунарасы, Залезе сарайы жана Силезия театры сыяктуу архитектуралык курулуштары менен көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүлүн бурууда.



Тектеш кабарлар