Мевлүт Чавушоглу - Тобиас Биллстрем пресс жыйыны

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарага келген Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем менен маалымат жыйын өткөрдү.

1922564
Мевлүт Чавушоглу - Тобиас Биллстрем пресс жыйыны

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швециянын Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) мүчөлөрү үчүн тартуу борбору болууну улантып жатканын айтты.

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарага келген Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем менен маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Швеция жана Финляндия менен НАТОго мүчөлүк боюнча үч тараптуу келишимге көңүлдөрдү буруп : «Террорчулукка тиешеси бар кылмышкерлерди экстрадициялоо жана террористтик активдерди тоңдуруу боюнча эч кандай конкреттүү өнүгүү жок», - деди.

Чавушоглу ФЕТӨ мүчөсүн (Бүлент Кенеш) Түркияга кайтаруу талабынын Швециянын Жогорку соту тарабынан четке кагылганын айткан Чавушоглу : «Бул абдан терс көрүнүш. Террор менен байланышы бар адамдардын депортацияланышы тууралуу үч тараптуу макулдашууга ылайык кошумча кадамдарды таштоо биздин табигый күтүүбүз, Швеция жана Финляндиянын да келишимден келип чыккан милдеттери.  Үч тараптуу келишимдин  жоболоруна каршы ФЕТӨ мүчөлөрү үчүн Швеция тартуу борбору болууну улантууда»,- деди.

Министр Чавушоглу : «Коргонуу  өнөр жайы фирмаларыбыз айрым продукцияларды импорттоодо керектүү оң жоопту ала алган жок»,- деди.

Биллстрем болсо террор менен күрөшүүдө Түркияга берилген убадалар тууралуу : «Биз бул келишимге олуттуу карап жатабыз. Кадам таштай баштадык жана улантабыз»,- деди.

Швециялык министр : «Террорду колдоо же пропагандалоо эми кылмыш болуп эсептелет.  Жикчил террордук уюм ПККнын Швеция аймагындагы иш - аракеттерине колдоо көрсөтүү кылмыш болот»,- деди.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүүдө.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар