Түркия Талибанга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1921938
Түркия Талибанга каршылык көрсөттү

Түркия Ооганстандагы жогорку окуу жайларда студент кыздардын билим алуусуна тыюу салган чечимге кайгырганын жана тынчсызданганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, "Бул чечимди кайгы жана тынчсыздануу менен кабыл алабыз" деген сөздөр камтылды.

Билимдин бардык адамдар тең мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде басмырланбастан пайдалана турган негизги адам укугу экени жана андан ажыратылбашы керектиги айтылган билдирүүдө: «Ооганстандагы элдин күтүүсүнө ылайык, бардык кыздардын билим алуу укугун таануу өлкөнүн бакубаттуулугу жана келечеги үчүн да маанилүү. Ушул алкакта, аталган чечимдин кайра каралып чыгышын жана керектүү кадамдардын мүмкүн болушунча тезирээк ташталышын күтөбүз»,-деп жазылды.

Талибандын Убактылуу Өкмөтүнүн Жогорку Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Хафез Зия Хашеми, жаш кыздардын билим алуусуна байланыштуу өлкөнүн бардык мамлекеттик жана жеке университеттерине буйруктар жөнөтүлгөнүн кабарлаган. 

Буйрукта экинчи жарыяга чейин ЖОЖдордо студент кыздардын билим алуусун токтотуу талап кылынган.



Тектеш кабарлар