Эрдоган Рашидовду кабыл алды

Стамбулдагы жолугушуу жабык эшик артында өттү.

1921340
Эрдоган Рашидовду кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Болгариянын Улуттук Парламентинин төрагасы Вежди Рашидов менен жолугушту.

Стамбулдагы мамлекеттик конок үйүндө болгон жолугушуу жабык эшик артында өттү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да борбор шаар Анкарада тышкы иштер министрлигинде Вежди Рашидов менен жолугушкан болчу.

Чавушоглу Твиттердеги билдирүүсүндө, Рашидов менен жолугушуусунда Түркия менен Болгариянын ортосундагы эки тараптуу карым- катнаштарды жана парламенттер аралык кызматташтыкты сүйлөшкөндөрүн белгилеген.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп да кечээ Анкарада Рашидов менен миграция маселесин талкуулаган. 



Тектеш кабарлар