Түрк-орус элдеринин достугуна салым кошкон Карлов эскерилүүдө

Чавушоглу, орус маалымат каражаты Спутникке билдирүү жасады.

1920676
Түрк-орус элдеринин достугуна салым кошкон Карлов эскерилүүдө

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карловдун кол салууга дуушар болуп каза болушунун 6 жылдыгына байланыштуу: «Эки өлкөнүн жетекчилеринин кыраакылыгы жана мекемелерибиздин иш-аракеттери бул капканга бөгөт койду. Окуянын күнөөкөрлөрү да сот алдында жоопко тартылып, татыктуу жазасын алышты»,-деди.

Орус маалымат каражаты Спутникке билдирүү жасаган Чавушоглу, Карловдун Түркия-Орусия карым-катнаштарына маанилүү кызматтарды көрсөткөн тажрыйбалуу дипломат катары түрк элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.

Карловдун түрк-орус достугуна кошкон салымдарынын ар дайым эсте кала турганын баса белгилеген Чавушоглу: «Бул окуядан бери 6 жыл өттү. Бул кол салуу Карлов аркылуу түрк-орус достугун бутага алганы белгилүү чындык. Эки өлкөнүн лидерлеринин кыраакылыгы жана мекемелерибиздин иш-аракеттери бул тузакка бөгөт койду. Окуянын күнөөкөрлөрү да сот алдында жооп берип, татыктуу жазасын алышты»,-деп айтты.

Карловдун эң маанилүү максаттарынын биринин түрк-орус карым-катнаштарын бардык тармакта өнүктүрүү экенине көңүл бурган Чавушоглу: «Биз дагы кызматташуубузду жана диалогубузду өнүктүрүүнү улантуудабыз./.../ Элибиздин каалоосу жана жалпы кызыкчылыктарынын негизинде бул багытта күч-аракетибизди арттыра беребиз. Ушул себептен улам орус элине жана мамлекетине, өзгөчө, аза күткөн элчинин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам. Элчи Карловго таазим кылам. Жаткан жери жайлуу болсун»,-деди.

Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Орусиянын Анкарадагы элчилиги жана Чанкая муниципалитети биргеликте өткөргөн «Саякатчынын көзү менен Калининграддан Камчаткага Орусия» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш сөзүн сүйлөп жатканда Фетуллахчы террор уюмунун мүчөсү полиция кызматкери Мевлүт Мерт Алтынташ тарабынан жасалган куралдуу кол салууда каза болгон.



Тектеш кабарлар