Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын энергетикалык соода борборлорунун бирине айланганын айтты

Эрдоган Стамбулда Силиври жер астындагы жаратылыш газ сактоочу жайынын кубаттуулугун жогорулатуу аземинде сөз сүйлөдү.

1920042
Президент Режеп Таййип Эрдоган  Түркиянын  энергетикалык соода борборлорунун бирине айланганын айтты
silivri dogal gaz depo.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын ээ болгон артыкчылыктары менен дүйнөнүн алдыңкы энергетикалык соода борборлорунун бирине айланганын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда Силиври жер астындагы жаратылыш газ сактоочу жайынын сыймдуулугун жогорулатуу аземинде сөз сүйлөдү.

Силиври жер астындагы жаратылыш газ сактоочу жайынын сыйымдуулугу 4,6 миллиард куб метрге жеткенин баса белгилеген Эрдоган :«Бүгүнкү ачылыш менен Силиври Европадагы эң чоң жер астындагы газ сактоочу жайга айланды. Анкара Туз көлүндөгү кубаттуулукту кеңейтүү иштери аяктаганда, ал жакта да ушундай көрсөткүчкө жетешебиз»,-деди.

Эрдоган акыркы мезгилдерде Түркияда табылган мунай резервдерине токтолуп : «Кыска убакытта күнүмдүк мунай өндүрүшүбүздү 100 миң баррелге чыгара турган чоң ачылуулар менен өндүрүштөр үчүн жолубузду улантабыз»,- деди.

Түркия ээ болгон артыкчылыктары менен дүйнөнүн алдыңкы энергетикалык соода борборлорунун бирине айланганын баса белгилеген Эрдоган : «Максатыбыз - өлкөбүздү жаратылыш газынын эталондук баасы мүмкүн болушунча тез арада аныкталган глобалдык борборго айландыруу»,- деди  жана бул маселе боюнча Россиянын президенти Владимир Путин менен маанилүү сүйлөшүүлөрдүн болгондугун айтты.

Орто Азия жана Жер Ортолук деңизиндеги абалдар менен Түркиянын Ливия менен түзгөн келишимге да токтолгон Эрдоган энергетикада жаңы жетишкендиктерге жетишүү үчүн аракет кылгандарын белгиледи.

«Кечээ бизге каршы чыккандар, бүгүн биз менен кызматташуу үчүн эшигибизге келишүүдө. Бизге каршы чыгууну бүгүн  да улантып жаткандардын да эртең биздин достугубузга  муктаж болушарына ишенебиз»,- деген президент : «Улутубузду Түркия кылымына даярдоону улантуудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар