Эрдоган:«Сириянын түндүгүнө ыктымал кургактык операциясына байланыштуу дарек жана датасы айтылбайт»

Президент Эрдоган Түркмөнстанга жөнөп кетүү алдында борбор шаар Анкарада өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин Сириянын түндүгүндөгү кургактык операциясына байланыштуу суроосуна жооп берди.

1918622
Эрдоган:«Сириянын түндүгүнө ыктымал кургактык операциясына байланыштуу дарек жана датасы айтылбайт»

Президент Режеп Тайып Эрдоган, Сириянын түндүгүндөгү ыктымал кургактык операциясына байланыштуу:«Бул иштин дареги жана датасы айтылбайт»,-деди.

Президент Эрдоган Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан президенттеринин Биринчи саммитине катышуу үчүн кечээ Түркмөнстанга жөнөп кетүү алдында борбор шаар Анкарада өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин Сириянын түндүгүндөгү кургактык операциясына байланыштуу суроосуна жооп берди.

Эрдоган мындай деди: «Бул иштин дареги, бул иштин датасы айтылбайт. Бирок Сочи келишиминде Путин мырза менен (Орусия президенти Владимир) жеткен максаттарыбыз түшүнүктүү. (Телефон менен сүйлөшүүдө) Мен ага дагы бир жолу эскерттим жана биздин максат айрыкча чек арадан түштүккө карай, 30 километр ичкериге максатыбыз бар. Себеби, тилекке каршы, биздин өлкө бул жактан дайыма террористтердин коркунучунда турат.Бул акыркы убакта олуттуу түрдө көбөйдү. Аларга карата биз унчукпай отура албайбыз. Биз бул темада эч качан жол бербейбиз, анткени террор коркунучу астында турган менин өлкөм жана өлкөм террор коркунучу астында турганда операция үчүн эч кимден уруксат албайбыз».



Тектеш кабарлар